Royal
SerepTV Logo

Чүйдө унаа айдап качууга шектелген жигит кармалды

Чүйдө унаа айдап качууга шектелген жигит кармалды
Чүйдө унаа айдап качууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, окуя 18-июнда болгон. Гагарин көчөсүндө Хонда Фит унаасы уурдалган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 211-беренеси (унаа айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2001-жылы туулган жигит кармалды. Ал буга чейин бир нече жолу соттолгон. Тергөө уланууда.