Royal
SerepTV Logo

Чүйдө таксистти өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Чүйдө таксистти өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды
Чүйдө адам өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.  Жабырлануучунун айтымында, ал таксист болуп иштейт. 17-ноябрда анын унаасына жаран отуруп, Сокулукка жеткирип коюусун суранган. БЧКнын тушуна жеткенде жаран айдоочуга бычак менен кол салган. Андан соң телефонун, 8 миң сомун жана унаанын документтерин тартып алган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүүгө аракет кылуу беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.