Abank
SerepTV Logo

Чүйдө Орусиянын жаранын өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды

Чүйдө Орусиянын жаранын өлтүрүүгө аракет кылган шектүү кармалды
Ысык-Ата районунда чет элдик жаранга бычак менен кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 3-сентябрь күнү аймактык ооруканага Орусиянын 1998-жылы туулган жараны бычактан жаракат алып түшкөнү маалымдалган. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракеттенүү) көрсөтүлгөн кылмыш курамы менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, бул кылмышка шектелип, 1984-жылы туулган жаран аныкталган. Ал адам ошол окуя болгон күнү эле Казакстанга чыгып кеткени такталган. Издөө салынып, бөгөт коюу чарасы камакка алуу тандалган. Ыкчам издөө иш-чаранын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн жүргөн жери такталып, кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө уланып жатат.