Abank
SerepTV Logo

Чүйдө небересине "арак ичпе" деген чоң эне өлтүрүлдү

Чүйдө небересине "арак ичпе" деген чоң эне өлтүрүлдү
Ичкиликтин айынан адам өмүрү кыйылды. Сокулук районунда адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 19-октябрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук айылындагы үйүнөн 1952-жылы туулган аялдын денесинде оор жаракаттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Келтирилген оор жаракаттардын кесепетинен жаран жандандыруу бөлүмүндө каза болгон. Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1999-жылы туулган небереси кармалган. Кылмыш ичкиликтин айынан чоң апасы небересин ичикилик ичпесин деп урушканынан болгондугу аныкталды. Тергөө уланып жатат.