Royal
SerepTV Logo

Чүйдө мурдагы бала бакчада жансыз дене табылган. 2 шектүү кармалды

Чүйдө мурдагы бала бакчада жансыз дене табылган. 2 шектүү кармалды

Аламүдүн районунда адам өлтүрүүгө шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-ноябрда мурдагы бала бакчанын имаратында киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылган. Аталган факты Аламүдүн РИИБге катталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип, 1972-жылы туулган жаран кармалып, анын шериги аныкталып жаткан. 23-декабрда кылмышка шектелип, 1983-жылы туулган жаран аныкталып, кармалган. Тергөө уланууда.