Royal
SerepTV Logo

Чүйдө массалык мушташ катталып, 17 жаштагы өспүрүм сабалган

Чүйдө массалык мушташ катталып, 17 жаштагы өспүрүм сабалган
Панфилов районунда өспүрүмдөр арасында массалык мушташ катталып, шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 27-декабрда түнкү саат 01:47 чамасында милицияга Кайыңды шаарындагы массалык мушташ боюнча маалымат түшкөн. Жерине барган милиция Кайыңды менен Панфиловканын өспүрүмдөрүнүн арасында мушташ болуп, ок атылганы маалым болгон. 2005-жылы туулган өспүрүм сабалып, телефону жоголгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2002-жылы туулган жигит кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="155711,155712"]