SerepTV Logo

Чүйдө мал кайтарууга кеткен жаран дайынсыз болууда. Анын кийимдери суу жээгинен табылган

Чүйдө мал кайтарууга кеткен жаран дайынсыз болууда. Анын кийимдери суу жээгинен табылган
Чүйдө мал кайтарууга кеткен малчы кайтып барган эмес. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, 6-августта Октябрская айылы менен Лубиная айылынын ортосуна жаран мал кайтарууга чыгып кетип, кайтып барган эмес. Анын кийимдери Чу суусунун жээгинен табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжа болгон эмес.