Royal
SerepTV Logo

Чүйдө киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылды

Чүйдө киши колдуу болгон жарандын жансыз денеси табылды
Кемин районунда жергиликтүү тургун айылдашын бычактап өлтүргөн. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Милицияга 17-март күнү саат 08:55те маалымат түшкөн. Анда Кызыл-Октябрь айылында жергиликтүү тургун үйүндө каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден 1954-жылы туулган жарандын зомбулуктан каза болгон жансыз денесин табышкан, сол кулагынын астынан бычактан алган жаракаттары болгон. Бул факты Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1989-жылы туулган жаран кармалды. Ал киши колдуу болгон жарандын айылдашы. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка жарандардын мас абалындагы чыр-чатагы себеп болгон. Шектүү камакка алынган. Тергөө уланууда.