Abank
SerepTV Logo

Чүйдө жигитти унаага салып барып карактап, сабап кетишкен. Жигит ооруканада

Чүйдө жигитти унаага салып барып карактап, сабап кетишкен. Жигит ооруканада
Сокулук районунда каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 28-август күнү Сокулук районунун милиция бөлүмүнө Бишкек шаарынын Улуттук хирургия борборунан 1995-жылы туулган жаран денесинде жаракаттар менен түшкөнү боюнча маалымат түшкөн. Окуя боюнча, эки адам түндө 1995-жылы туулган жаранды унаага салып Кун-Туу айылына алып барып, ал жерден денесине залал келтирип, акча каражатын алып, алсыз абалында таштап кетишкени такталган. Аталган окуя боюнча Сокулук РИИБнүн тергөө кызматында Жазык кодексинин 207-беренесинде (каракчылык) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип 2 жаран кармалды.