Royal
SerepTV Logo

Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алган деген жаран кармалды

Чүйдө жасалма акчага көмүр сатып алган деген жаран кармалды
Жасалма акчага көмүр сатып алып жаткан жеринен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.  Сокулук РИИБге жаран кайрылып, 22-январда Сокулук айылынан жасалма 200 долларга 1,7 тонна көмүр алып, калган 4300 сом акчасын алып кеткен жаранга чара көрүүнү суранган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1987-жылы туулган жаран кармалып, анын жанынан жасалма акча табылган. Ушул сыяктуу иштерге тиешеси бар экени аныкталган. Тергөө уланууда.