Royal
SerepTV Logo

Чүйдө жаранды өз үйүндө арматура менен сабап, акчасын тартып кеткен шектүүлөр кармалды

Чүйдө жаранды өз үйүндө арматура менен сабап, акчасын тартып кеткен шектүүлөр кармалды
Каракчылыкка шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Чүй ОИИБден билдиришти.  Маалыматка караганда, кылмыш 6-мартта катталган. Ак-Ордо жаңы конушунда жарандын өз үйүндө тааныштары арматура менен сабап, анын 14 миң 500 сомун тартып кетишкен. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1991 жана 1995-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.