Royal
SerepTV Logo

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт
Чүй облустук милициясы каза болгон эркек кишинин аты-жөнүн тактоого жардам алуу үчүн коомчулукка кайрылат. Маалыматка караганда, 21-ноябрда Ысык-Ата районунун аймагында болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда анын аты-жөнүн жана улутун тактоого мүмкүн болбой жатат. Белгилери: бою 183 сантиметр, бутунун өлчөмү 45, орто дене түзүлүштө. Кийген кийими: кара спорттук шым, футболка, кара спорттук бут кийим, кара куртка. Кимде жаран тууралуу маалымат болсо, 0312430127, 0707365185, 0701455594, 0776002034, 0701102402, 0552102512, 0704980808, 0554-17-22-26 номурларына чалсаңыздар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="151282,151283,151284"]