Royal
SerepTV Logo

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция анын жакындарын издейт

Чүйдө эркек кишинин жансыз денеси табылган. Милиция анын жакындарын издейт
Чүй облустук милициясы Сокулук айылында жансыз денеси табылган эркек кишинин жакындарын издейт. Маалыматка караганда, 2-сентябрда Сокулук айылындагы Фрунзе көчөсүндө 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Анын денеси чирип баштаган. Аты-жөнү тактала элек. Белгилери: бою 190 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы сары жана кыска. Шорта, кара спорттук бут кийим, мойнунда чынжырчасы болгон. Кимде-ким жаранды тааныса, (0312) 45-33-80, 0708 89-00-23 номурларына кайрылса болот.