Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 26 жаштагы кыз зордукталганын айтып, милицияга арыз жазды

Чүйдө 26 жаштагы кыз зордукталганын айтып, милицияга арыз жазды

Чүйдө зордуктоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 4-сентябрда Москва РИИБге 1996-жылы туулган жаран кайрылып, аны 3-сентябрда саат 22:30 чамасында Ак-Суу айылында зордуктап кеткенин айтып, арыз жазган. Аталган факты боюнча 4-сентябрда кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары, 1985-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.