Чүйдө 23 жаштагы кызды ала качып кетишкен. Шектүү кармалды
Бүгүн, 1-майга караган түнү Бишкек шаарынан 1998-жылы туулган жаран Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаасы менен 2000-жылы туулган кызды ала качып кеткен деген маалыматтын негизинде "перехват" жарыяланган. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришти.
"Саат 00:20 чамасында Ысык-Ата РИИБ боюнча жол тескөөчүлөр тарабынан түнкү рейддик иш-чара жүрүп, унааны кармашты. Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген унаа убактылуу токтотуучу жайына киргизилди", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="177540,177541"]