Royal
SerepTV Logo

Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектелип дагы бир жаран кармалды

Чүйдө 17 жаштагы кыздын зордукталышы. Кылмышка шектелип дагы бир жаран кармалды
Зордуктоо кылмыш иши боюнча тергөө убагында дагы бир шектүүнүн катыштыгы бар экендиги такталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
  • 7-августта Аламудун РИИБге арыз менен 1964-жылы туулган жаран кайрылып, 7-августка караган түнү Лебединовка айылында 2005-жылы туулган кызы менен тааныш болгон адамдар кыздын эркине каршы жыныстык катнашта болгонун билдирген.
Аталган окуя боюнча Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматында 154-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин курамы менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн тергөө амалдарынын жыйынтыгы менен бул кылмышка 1996-жылы туулган жигиттин дагы катыштыгы бар экендиги такталып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Тергөө уланып жатат.