Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды
Чоң Чүй каналынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Чоң Чүй каналынын Лермонтов көчөсү менен кесилишкен жеринде болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, жансыз денесин суудан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда маркумдун аты-жөнү такталып жатат.