Чаткалдагы шахтада газга ууланган дагы бир 36 жаштагы жаран каза болду
Буга чейин Жалал-Абадда шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы жигит каза болгону маалымдалган.
- Бүгүн, 11-октябрда түнкү күнү саат 02:29 чамасында Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда кен өндүрүүчү ишкананын инженеринин кайрылуусуна ылайык, шахтанын ичинде газ чыккандыгы кабарланган. Шахта ичинде калып калган жаранды куткарууга мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылган. Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылган, куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.