Быйылкы жылдын акыркы 2 айында Бишкекте 19 зордуктоо фактысы катталды
Бишкекте зордуктоо фактылары боюнча 2023-жылдын 2 айында 19 учур катталган. Былтыркыга салыштырмалуу бул 8 учурга көп. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде билдирди.
"Өткөн жылдын 2 айында 11 учур болгон. Бардык кылмыш иши боюнча шектүүлөр кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - деди ал.