Royal
SerepTV Logo

Ботаникалык бакта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Ботаникалык бакта чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында куураган чөптөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Саат 19:35те Октябрь райондук №5 өрткө каршы бөлүктөн 1 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракетинен улам Токомбаев жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бакчанын аймагында өрт саат 21:01де толук өчүрүлдү. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.