Бостеридеги "Joker" түнкү клубунан чыккан өрт өчүрүлдү. Жабыркагандар жок
Бүгүн саат 10:20 чамасында Ысык-Көл районунун Бостери айылында жайгашкан "Joker" түнкү клубунан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жерине өрттү өчүрүүгө саат 10:22де Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 2 өрт өчүрүүчү тартылган. Чыккан өрт саат 11:45те чектөөгө алынып, өрт толук саат 13:23тө өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жалпы эки кабатту имараттын 496 чарчы метри күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгымдары такталууда. Өрттөн жабыркагандар жок.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="132128,132129"]