Royal
SerepTV Logo

Боомдо 18 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды

Боомдо 18 жаштагы кыздын өмүрү кыйылды
Боомдо жылкынын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 18 жаштагы кыз көз жумду. Маалыматты журналисттерге Жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан тастыкташкан. Маалыматка караганда, жол кырсык кечээ, 15-октябрда болжол менен саат 20:00 чамасында Боом капчыгайында катталган. 1998-жылы туулган кыз БМВ унаасын башкарып бара жатып, жолго чыга калган жылкыны сүзгөн. Кесепетинен айдоочу, 1976-жылы туулган жүргүнчү жаракат алып, 2004-жылы туулган кыз көз жумган.