Royal
SerepTV Logo

Бишкектен эки батир алып берүүнү убадалаган жарандар тургунду 8,3 миллион сомго алдап кетишкен

Бишкектен эки батир алып берүүнү убадалаган жарандар тургунду 8,3 миллион сомго алдап кетишкен
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 17-мартта милицияга жаран кайрылып, 2 киши андан 65 миң доллар жана 25 миң доллар турган Мерседес-Бенц унаасын алганын айткан. Алар бул акчага эки батир бермек болгон. Келтирилген чыгым 8 миллион 300 миң сомду түзгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1989-жылы туулган жаран кармалды. Милиция анын шеригин издеп жатат.