Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылган

Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 17 жаштагы кыз асынган абалда табылган
Бишкектеги университеттердин биринин жатаканасында 2005-жылы туулган кыз асынган абалда табылган. Бул тууралуу Ленин РИИБден тастыкташты. Маалыматка караганда, 29-ноябрда саат 06:07 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына университеттердин биринин жатаканасындагы бөлмөдө кыздын асынган абалда табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция жерине барып, кыздын 2005-жылы туулгандыгын, денесине криминалдык тактар жок экенин аныкташкан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, экспертиза дайындалган. Учурда тергөө уланууда.