Abank
SerepTV Logo

Бишкектеги унаа жуучу жайдан Лексус уурдалды

Бишкектеги унаа жуучу жайдан Лексус уурдалды
Бишкекте унаа жууган жерден Лексус уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Жабырлануучунун айтымында, 10-ноябрь күнү кечинде Лексус СT 200 үлгүсүндөгү унаасын Сүйүмбаев көчөсүндөгү унаа жуучу жайга таштап кеткен. Ал машинасын алуу үчүн кайтып келгенде, уурдалганы белгилүү болгон. Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (унааны уурдоо) менен каттаган. Свердлов РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган жаран кармалды. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кармалган жарандын башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогу иликтенүүдө.