Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги ок атышууда 38 жаштагы жарандын жаракат алышы. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

Бишкектеги ок атышууда 38 жаштагы жарандын жаракат алышы. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

Бишкекте 7-августта Каарман көчөсүндө ок атышуу болуп, анын кесепетинен бир адам октон жаракат алган.

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинде (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) каралган кылмышка шектүүлөр изделүүдө.

Шектүүлөрдүн арасында:

  • Степанов Николай Николаевич, 1999-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну;
  • Степанов Лев Викторович, 1994-жылы Өзбекстанда туулган;
  • Каландаров Геннадий Геннадьевич, 1993-жылы Өзбекстанда туулган жарандар бар.
Жогорудагы жарандардын жүргөн жерин билгендер болсо, төмөнкү телефондорго кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз: Бишкек ШИИБдин номуру 0312 48-64-47, 0552 102-906, 0554 102-147 же "102" кызматы.