Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги маршруткада 470 миң рубль уурдоого шектүүлөр изделип жатат

Бишкектеги маршруткада 470 миң рубль уурдоого шектүүлөр изделип жатат
Бишкектеги маршруткада 470 миң рубль уурдоого шектүүлөр изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 31-октябрда Биринчи Май РИИБге жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 13:30да №136 маршрутканын ичинен 470 миң рубль акчасын уурдатып жибергенин айтып, кылмышкерди табууну суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө башталган. 22-ноябрда материал Ленин РИИБге өткөрүп берилген. Жазык кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери жүрүп жатат.