Бишкектеги жол кырсыкта каза болгон аялдын уулунун бийликке кайрылышы. Сот эмне үчүн шектүүнү бошоткон?
Социалдык тармактарда 30-январда Бишкекте катталган жол кырсыктын видеосу тараган. Жол кырсык Тыныстанов менен Фрунзе көчөсүндө катталган. Honda Fit унаасынын айдоочусу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп, жол кырсыкка кабылган. Кырсыктын кесепетинен 50 жаштагы аял каза болгон.
Каза болгон аялдын уулу жол кырсык катталгандан кийин апасы 3 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып каза болгонун жазды. Ал ошондой эле кылмышка шектүү Свердлов райондук соту тарабынан үй камагына чыкканын, шектүүнүн учурда эркиндикте жүргөнүн айтып, нааразы болду. «Биз ал жазасыз калат деп коркобуз» деген ал бийлик өкүлдөрүнө кайрылган.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Свердлов райондук сотунан эмне үчүн шектүүнүн үй камагына чыкканын айтышты.
Маалыматка караганда, 3-февралда шектүүнүн бөгөт чарасы каралган. Ал соттун чечими менен 20-февралга чейин камакка алынган. 15-февралда анын өздүгү, жашаган жери такталгандан кийин, мурда соттолбогону, жашы жана ден соолугу эске алынып, 2-мартка чейин үй камагына чыгарылган. 1-мартта үй камагы 1 айга узартылган.