Бишкектеги базарда жайгашкан мечиттен өрт чыгып, 4 контейнер күйүп кетти
Бишкек шаарынын "Дордой Мурас" базарынын жанында жайгашкан мечиттен өрт чыгып, анын жалыны жанындагы 4 контейнерге өткөн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Өрттү өчүрүүгө саат 01:38ден тарта Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн 3 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 02:19да чектөөгө алынып, саат 04:03тө толук өчүрүлгөн. Кырсыктын кесепетинен жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 230 чарчы метр мечиттин 1 бөлмөсү, кароолчу отурган бөлмө жана мечитке жанаша жайгашкан 4 контейнер толугу менен күйгөн.
Такталган маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="170503,170504"]