Royal
SerepTV Logo

Бишкектеги базарда эркек киши өз жубайын тоноп, сөгүп кеткен

Бишкектеги базарда эркек киши өз жубайын тоноп, сөгүп кеткен
Кайгуул кызматкерлери тоноого шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу Кайгуул кызматынан билдиришти. 19-сентябрда саат 12:40 чамасында “102” кызматына “Азиз” базарынан аял кишини тоноп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кайгуул кызматкерлери 1981-жылы туулган аял жолдошу күч колдонуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка качып кеткенин айткан. Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жаранды кармашып, Биринчи Май РИИБдин тергөө кызматына жеткиришкен. Бул факты Биринчи РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 206-берененин (тоноо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.