Abank
SerepTV Logo

Бишкекте үй-бүлөдөгү чырдан улам эркек киши өлтүрүлүп, жубайы кармалды

Бишкекте үй-бүлөдөгү чырдан улам эркек киши өлтүрүлүп, жубайы кармалды
Кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Кечээ, 25-сентябрда болжол менен саат 04:26 чамасында "102" кызматына 11-кичи районундагы үйлөрдүн биринде бычактан жарат алган жаран тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке барган кызматкерлер 1981-жылы туулган жаран төшүнөн бычактан жаракат алганы, жансыз денеси жерде жаткандыгы аныкталган. Кылмышка шектүү катары маркумдун 1983-жылы туулган жубайы кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилген. Кармалган жаран өз сөзүндө үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өзүнүн жолдошун бычак менен сайып жибергендигин билдирген.