SerepTV Logo

Бишкекте унаа көпүрөдөн кулап кеткен жол кырсыкта 24 жаштагы жигит жаракат алган

Бишкекте унаа көпүрөдөн кулап кеткен жол кырсыкта 24 жаштагы жигит жаракат алган
Бишкектеги Чыгыш автобекетинин жанында жол кырсыгы катталып, көпүрөдөн жол тандабас кулап кеткендеги видео тараган. Милициянын кайгуул кызматынан кырсык тууралуу маалымат беришти. Кырсык таңкы саат 03:00дө катталган. Land Rover менен Toyota Prius Жибек Жолу проспектиси менен чыгыш тарапка бара жаткан. Кагылышуу болуп, анын кесепетинен Toyota Prius көпүрөдөн кулап кеткен. Анын 24 жаштагы айдоочусу жаракат алган.