Royal
SerepTV Logo

Бишкекте Орусиянын жаранынын бычакталган жансыз денеси табылды

Бишкекте Орусиянын жаранынын бычакталган жансыз денеси табылды
Бишкекте Орусиянын жаранынын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-октябрда болжол менен саат 13:15 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги Калык Акиев көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүндө эркек кишинин жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция 1992-жылы туулган Орус жаранынын бычакталган жансыз денесин тапкан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, экспертиза дайындалган. Тергөө уланууда.