Royal
SerepTV Logo

Бишкекте мушташкан чет өлкөлүк студенттер. Шектүүлөр кармалып, окуудан чыгарылды

Бишкекте мушташкан чет өлкөлүк студенттер. Шектүүлөр кармалып, окуудан чыгарылды
Свердлов РИИБдин кызматкерлери бейбаштыкка шектелген чет өлкөлүк жарандарды кармады. Бул тууралуу аталган РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 11-ноябрда милицияга пакистандык жаран кайрылып, аны 10-ноябрда саат 18:00 чамасында Бишкектеги "Жеңиш" аянтында эч себепсиз сабап кеткен мекендештерине чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары, 2001, 2002, 2003, 2004-жылы туулган жарандар кармалган. "Борбордогу ЖОЖдордун биринде билим алып жаткан бир катар студенттер жүрүм-турум нормаларын жана Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн окуу жайдын жетекчилигинин буйругу менен окуудан чыгарылды", - деп айтылат маалыматта. Бишкекте бир нече чет элдик жарандар мушташа кетишкен видео тараган. Окуянын видеосун журналист Азамат Иманалиев Twitter баракчасына жайгаштырган.