Abank
SerepTV Logo

Бишкекте коляскада отурган жаранды каналга түртүп жиберген шектүү камакта калтырылды

Бишкекте коляскада отурган жаранды каналга түртүп жиберген шектүү камакта калтырылды
Бишкекте коляскада отурган жаранды каналга түртүп жиберген шектүү камакта калтырылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин райондук сотунан билдиришти. Анын бөгөт чарасы 24-мартта каралып, 23-майга чейин камакка алынган.
  • 23-мартта «102» кызматына №4 ооруканадан кабар түшкөн. Анда 1988-жылы туулган жарандын кабыргалары сынганы, ал ооруканада көз жумганы айтылган. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери маркум ушул жылдын 21-мартында Рыскулов жана Заводской поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналда майыптар коляскасында табылганын аныкташкан.
  • Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Кылмышка шектүү катары 1983-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.