Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды
Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. 29-августта саат 21:20 чамасында айдоочу белгисиз унаа менен Жибек-Жолу жана Ала-Арча көчөлөрүнүн кесилишинен 1976-жылы туулган жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү жабыркап ооруканага жеткирилген. Бул факты боюнча кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, шектүү караты 1988-жылы туулган айдоочуну кармашып, Тергөө кызматына өткөрүп беришти.