Royal
SerepTV Logo

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады

Бишкекте жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады
Бүгүн, 9-мартта жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кырсык Чыңгыз Айтматов жана Гшлиессер көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Мазда 6 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Гшлиессер көчөсүнүн кесилишинен Тойота Королла менен кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам — эки унаанын айдоочулары, Мазда 6 унаасынын жүргүнчүсү жабыркаган. Учурда унаалар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертизалар дайындалды. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="168026,168027"]