Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жигитти канжалатып сабап салышкан. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте жигитти канжалатып сабап салышкан. Шектүүлөр кармалды
Бишкекте бейбаштыкка шектелген жигиттер кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга жаран кайрылып, 30-июлда түнкү саат 03:00 чамасында аны тааныштары эч себепсиз сабап салганын билдиришкен. Аталган факты РИИБге каттоого алынган. Ал арада соцтармактарга жигитти сабап жаткандагы видео тарады. Кылмышка шектелип, 2003 жана 2004-жылы туулган жигиттер кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.