Royal
SerepTV Logo

Бишкекте жигиттер ээсин бычак менен коркутушуп, Гелендваген унаасын айдап кетишкен (видео)

Бишкекте жигиттер ээсин бычак менен коркутушуп, Гелендваген унаасын айдап кетишкен (видео)
Бишкекте күч менен унаа тартып алууга шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 4-августта Бишкек ШИИБдин "102" кызматына күч менен унаасын тартып алганын айткан жаран кайрылган. Жерине барган милиция болжол менен саат 14:30 чамасында белгисиз жарандар ээсин бычак менен коркутуп, май куюучу жайда турган Mercedes Gelandewagen унаасын айдап кетишкени аныкталган. Аталган факты Октябрь РИИБге каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1995-жылы туулган эки жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле уурдалган унаа табылган. Учурда кылмыш ишке тиешеси бар адамдар аныкталып жатат.
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек ?? (@guvd_bishkek)