Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды

Бишкекте жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектүү кармалды
Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкекте жаранды өлтүрө сүзүп, качып кетүүгө шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти. Маалыматка караганда, 10-октябрда Кустанай жолу менен бара жатып, 177-үйдүн маңдайында 40-45 жаштар чамасындагы кишини сүзүп кеткен. Жабырлануучу алган жаракатынан ооруканада көз жумган. Кылмышка шектелип, Мерседес Бенц Вито унаасынын айдоочусу кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.