Abank
SerepTV Logo

Бишкекте жаран үйүнөн 9,8 миң долларын уурдатып жиберген

Бишкекте жаран үйүнөн 9,8 миң долларын уурдатып жиберген
Бишкекте уурулукка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 5-декабрда жаран милицияга кайрылып, ошол эле күнү саат 14:10дон 15:10го чейин Чукотская көчөсүндө жайгашкан жеке турак жайлардын бирине кирип, 9 миң 800 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын уурдап, белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү 1988-жылы туулган жаран кармалган.