Royal
SerepTV Logo

Бишкекте жаран баштыгына ак илбирстин баш сөөгү менен терисин салып алган

Бишкекте жаран баштыгына ак илбирстин баш сөөгү менен терисин салып алган
Бишкекте "Кудайберген" базарына жакын жерде 1978-жылы туулган жарандын кара баштыгынан ак илбирстин териси жана баш сөөгү табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.  Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн ак илбирсти Талас облусунда атканы маалым болгон. Буга байланыштуу иш Талас ОИИБге өткөрүп берилген.