Royal
SerepTV Logo

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүүлөр изделип жатат

Бишкекте эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүүлөр изделип жатат
Бишкекте 51 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 29-сентябрда болжол менен саат 07:43 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Бишкектеги Интергельпо менен Дмитров көчөлөрүнүн кесилишинде эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция тарабынан маркумдун 1971-жылы туулган жаран экени аныкталган. Денесинде криминалдык тактар болгон. Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдү издөө жүрүп жатат.