Royal
SerepTV Logo

Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт

Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция маркумдун атын тактоого жардам сурайт
Милиция адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 2022-жылдын 1-августунда Панфилов көчөсүндөгү таштанды челектердин жанындагы чатырдын астынан күч колдонуу менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, спирт ичимдигин ичип отуруп, 1991-жылы туулган жаран 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамды бычактап, ал ошол жерден каза болгону аныкталган. Шектүү кармалып, камакка алынган. Ал эми маркумдун аты-жөнү такталбай жатат. Белгилери: бою 170-175 сантиметр, арык, чачы кара, көзү күрөң. Жынсы менен футболка кийип жүргөн. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды тааныган болсо, 0 (704)-102-702, 0 (312)-54-32-48 номурларына чалсаңар болот. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="139689,139690"]