Abank
SerepTV Logo

Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция атын тактоого жардам сурайт (сүрөт)

Бишкекте эркек киши өлтүрүлгөн. Милиция атын тактоого жардам сурайт (сүрөт)
Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы адам өлтүрүү фактысын аныктап жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

2022-жылдын 1-августунда Панфилов көчөсүндөгү таштанды челектердин жанындагы чатырдын астынан күч колдонуу менен өлтүрүлгөн белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, спирт ичимдигин ичип отуруп, 1991-жылы туулган жаран 35-40 жаштар чамасындагы белгисиз адамды бычактап, ал ошол жерден каза болгону аныкталган. 

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, камакка алынган. Милиция маркумдун аты-жөнүн тактоого жардам сурайт. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="134612,135494"]