Royal
SerepTV Logo

Бишкекте эркек киши аялды сабап салган. Шектүү кармалды (видео)

Бишкекте эркек киши аялды сабап салган. Шектүү кармалды (видео)
Социалдык тармактарда эркек кишинин аялды сабап жаткандагы видеосу тарады. Окуя боюнча милиция маалымат берди. 21-сентябрда саат 17:30 чамасында Бишкек ШИИБдин "102" кызматына Фучик көчөсүндөгү соода борбордо аялды сабап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ленин РИИБ окуя катталганын, териштирүү башталганын билдиришти. Териштирүү иштеринде саат 16:30 чамасында соода борбордун жанында кишинин аял киши менен кайым айтышып кеткендиги, кесепетинен аялды сөгүп, сабап салганы аныкталган. Факты боюнча бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү караты 1972-жылы туулган киши кармалып, камакка алынган.