Royal
SerepTV Logo

Бишкекте эки курбу тоноого шектелип жатат

Бишкекте эки курбу тоноого шектелип жатат
Бишкекте тоноого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. Жабырлануучунун айтымында, 26-сентябрда Армейская көчөсүндө ага бейтааныш аялдар барып, күч менен телефонун жулуп алганын айткан. Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 1986 жана 1991-жылы туулган курбулар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда шектүүлөрдүн ушуга окшош кылмыш иштерге тиешеси жокпу аныкталып жатат.