Royal
SerepTV Logo

Бишкекте депутат катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү үй камагына чыкты

Бишкекте депутат катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү үй камагына чыкты
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров катышкан мушташ боюнча кармалган 2 шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, жабырлануучу шектүүлөргө карата жеке айыптардан баш тарткан.
  • Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео соцтармактарга тараган. Мушташка катышкандардын бирин депутат Жаныбек Абиров деп таанышып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени айтылууда.
  • Милицияга Д.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 12-мартта түнкү саат 3:30 чамасында ага белгисиз адам кол салып, сабап салганын айткан. Жабырлануучу Улуттук госпиталга медициналык жардам сурап кайрылып, ага «баш сөөктүн жабык травмасы» деген диагноз коюлган.
  • 13-мартта Бишкектеги мушташка шектүү эки жаран (1988-жылы туулган П.Э. жана 1987-жылы туулган А.Д.кармалган.
  • Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилип, ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырганы маалымдалган.
  • Башкы прокурор Жогорку Кеңешке Жаныбек Абировду айыпкер катары тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуштама киргизген.
  • Жаныбек Абиров кечээ, 27-мартта депутаттык мандатын тапшырды.