Royal
SerepTV Logo

Бишкекте аялы менен наристесин сабаган шектүү камакта калтырылды

Бишкекте аялы менен наристесин сабаган шектүү камакта калтырылды
Бишкекте аялы менен наристесин ур-токмокко алууга шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү 25-апрелге чейин камакта болот. 25-февралда Свердлов РИИБге аял киши кайрылып, ага жана наристенин денесине жаракат келтирген жолдошуна чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 24-февралда саат 21:00 чамасында кайым айтышуу учурунда аны жана анын 2022-жылы туулган наристени сабаган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган.