Royal
SerepTV Logo

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Кылмышка 20 жаштагы жигит шектелүүдө

Бишкекте аялдын жансыз денеси табылган. Кылмышка 20 жаштагы жигит шектелүүдө
Бишкекте адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБден билдиришти. 5-ноябрда милицияга Ботаникалык бакта 50-60 жаштагы аялдын жансыз денеси жаткандагы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 2002-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге камакка алынды. Тергөө уланууда.